Бүгүн, 30-июлда Ошто баш кошуп жаткан эки жаш жубай ашыкча чыгымды үнөмдөп, 30га жакын муктаж окуучуга жаңы окуу жылына карата белек тапшырышат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Жаш жубайлар Кара-Суу районунда саат 12:00дө, Ноокат районунда 13:00дө, Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" мечитинин алдында 16:00-18:00дө жардамга муктаж окуучуларга белектерин тапшырышат. Андан кийин Ош шаарындагы ресторандардын биринде үлпөт той уланып, соңунда эстафета башка үйлөнө турган жаштарга өткөрүлүп берилет.