Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде балдар үчүн мастер-класс өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда аталган музейден билдиришти.
Иш-чарага 5 жаштан 14 жашка чейинки балдар катышып, “Мультфильмдеги каармандар” деген темада пластинография техникасын үйрөнүштү. Ошондой эле кум графикасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Белгилей кетсек, иш-чара “Музейдеги жуманын таттуу аягы” аттуу музей менен тааныштырууга багытталган программанын алкагында уюштурулду.