Өлкө башчы Садыр Жапаров Токтогулдун эли менен болгон жолугушуусунда Алексей Ширшов Каракол шаарына кайтарымсыз негизде 100 миллион доллар бергенин айтты. Президент белгилегендей, ал аталган каражатты эки ай мурда бөлгөн.
"Ошон үчүн Каракол гүлдөп жатат. Автобустар алынып, курулуштар курулуп жатат", - деди Жапаров.
Мамлекет башчысы ошондой эле Ширшовдон Мамлекеттик ипотекалык компания 10 жылга пайызсыз түрдө 100 миллион доллар алганын кошумчалады.