Ырчы Салима Балтаева Боснияда өткөн фестивалда чыгармачылыгын тартуулады

Босния жана Герцеговинанын борбору Сараево шаарында “Алтайдан баштап Балканга чейинки түрк дүйнөсү” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү. Иш-чара Сараевонун 31-Кышкы фестивалынын алкагында уюштурулуп, аземдин ачылышына "Түрксой" уюмунун жетекчиси Дюсен Касеинов катышты.

Фестивалда Кыргызстандын атынан ырчылар Салима Балтаева жана Кубат Тукешов чыгармачылыгын тартуулашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 10-февралда Салима айым билдиргендей, иш-чарада ырчылар комузда, ооз комузда кол ойнотуп, кыргыздын салттуу музыкалык аспаптары менен тааныштырышты.

Ал эми көргөзмөдө 16 түрк тилдүү мамлекеттен алынып келинген сүрөтчүлөрдүн 33 эмгеги орун алды. Алардын арасында кыргыз сүрөтчүлөрү Жаныбек БердикеевХалида Шимова жана Адылбек Байтерековдун эмгектери коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан