Бир топ убакыттан бери сахнадан көрүнбөй кеткен “Инсан” тобу кайрадан жанданып, 25 жылдыгын белгилөөгө билек түрө киришти. Кыргыз эстрадасына өзгөчө салым кошкон топтун жетекчиси Эркин Мээрканов SUPER.KG порталына бүгүн, 10-февралда билдиргендей, учурда жаңы ырларды жаздырып, клип тартып жатышат.
"Топтун тыныгуу алганына 10 жылдай болуп калды. Бул убакыт аралыгында топтогу Тынай Алыбаев жеке солист болуп сахнада өз ордун тапты. Мен дагы жеке ырчы болоюн деп ырдап көрдүм, негедир болбой калды. Быйыл топтун уюшулганына 25 жыл болот. Мааракебизге карата биригип, чыгармачылыгыбызды жаңы күч-кубат менен улантканы турабыз”,- дейт толкунданган Эркин Мээрканов.