"Супер-Инфонун" жолдомосун алган ырчылар Нурлан Насип менен Сайкал Садыбакасова Малайзияга жөнөп кетишти

"Супер-Инфо" гезити 2014-жылдын мыктыларын сыйлоо аземинде "Супер ырчы айым" наамына татыган Сайкал Садыбакасовага жана "Супер ырчы мырза" наамынын 3 жолку ээси Нурлан Насипке гезит менен жемиштүү кызматташканы үчүн Малайзияга эс алып келүүгө жолдомо ыйгарган. Андан бери күндөр өтүп, ырчылар толкундана күткөн учур да келди. 
Бүгүн, 11-февралда мына ушул жылдыздар Малайзияга эс алууга жөнөп кетишти. Алар менен кошо Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен "тамашоучу" Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу да сапар алышты. 
Кыргызстанда бирде жылуу, бирде суук болуп, туруксуз аба ырайы менен коштолгон кыш өкүм сүрүп жатканда ырчылар Малайзияда эс алып, 12-февралда бул өлкөдө жашаган мекендештерибиз үчүн концерт беришет. Ошондой эле "Бир тууганчик" тасмасын көрсөтүшөт.   
Алыска чыга тургандар саат 03:00дө "Супер-Инфонун" кеңсесине келишип, сапар алдындагы сезимдери тууралуу ой бөлүштү. Ырчы Сайкал Садыбакасова түн оогонго чейин уктабай, ушул убакытты жакындары, курбуларынын курчоосунда өткөргөнүн айтып сөз баштады. "Кышкысын жайкы кийимдерди табуу бир топ эле кыйын экен. Ошого карабай кийимдеримди бир сыйра толуктап алдым. Буюрса, барып кооз-кооз жерлерден сүрөткө түшөм. Өзүмө сюрприз болсун деп, интернеттен Малайзияда тартылган сүрөттөрдү караган жокмун",- деди ырчы. 
Ал эми буга чейин Германия, Орусия сыяктуу мамлекеттерде болуп жүргөн ырчы Нурлан Насип төмөнкүчө ой бөлүштү: "Мен Германияга барганда, ал жакта суук болчу. Эми жылуу өлкөгө учуп жатабыз. Үйдөгүлөр бешбармак жасап узатышты. Аябай кооз жерге баратыптырбыз. Мен эрте жеткенге шашып жатам. Анткени жол жүргөндө кыйналган адатым бар. Анан эс алуунун майын чыгарабыз". 
Кошумчалай кетсек, сапарга аттанган жылдыздар Бишкектен Ташкентке, андан ары Малайзиянын борбору Куала-Лумпурга учушмакчы. 
Эске салсак, кыштын суук маалында кооз, кызыктарга бай өлкөлөргө барып келүүгө жолдомо гезит менен бир нече жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жаткан жылдын мыктыларына берилет. Алсак, былтыр мындай белектер "Заманыбыздын супер алып баруучулары" Эрмек Нурбаев менен Нурзат Токтосуновага, "Заманыбыздын супер рэп ырчысы" Добрга, "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкейге берилген. 
"Супер-Инфонун" жолдомосун алган жылдыздар Малайзияга кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
91mele
2015-02-11 06:20:55
Маза кылат кенсинерда ааа
+1
zarlyk2211
2015-02-11 06:54:43
Конулдуу эс алып келгиле!
0
guzatkubaanvar
2015-02-11 09:39:24
Класс!!!Бакыт байке ,Бакыт байкее жакшы эс алуу каалайм:):)
0
admin_superstan
2015-02-11 10:04:54
bakyt_2015, коомдук этикага туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган!
Азырынча оозеки эскертүү!
0
aruuzat88
2015-02-11 10:49:20
Аллахым ак жол берип,эсен аман барып келгиле.
+1
Latyshka
2015-02-11 10:53:25
Мынча сооонун!!!жакшы эс алып келгиле
0
alailyk-kyz
2015-02-11 12:54:30
жакшы эс алып келгиле.сапарынар байсалдуу болсун!
0
Ema92
2015-02-11 14:01:29
М.м жакшыы
0
arman00
2015-02-11 16:49:39
мени да алып алгылачыы .Сайкалдын сумкасыга батам)))))
0
Aselya_9105
2015-02-11 19:58:47
Жолунар шыдыр, жолдошунар кыдыр болуп, аман эсен барып келгиле. АЛЛАХым силерди колдоп журсун. Эс алуунар конулдуу болсун. Малазиядагы кыргыз мекендештер, биздин жылдыздарыбызды жакшы тосуп алгыла.
0
Ema92
2015-02-11 22:13:29
Ак жол силерге
0
rozka
2015-02-11 22:57:15
Мен дагы баргым келип жатат . Бизге дагы Насип этсин эс алууга барган
0
zaika.tvo9.1990
2015-02-12 02:57:33
Бизден салам дегилееее. Чемодандары кийимдерге подсвет го а)))
0
umka87
2015-02-12 03:02:07
тамашоучу Бакыт менен Жениш кантет ХХХ ХХХ ХХХ болуп калышыптыр го,жакшы барып келгиле
0
admin_superstan
2015-02-12 10:13:42
umka87, мазактоого тыюу салынган! Азырынча эскертүү!
0
Kanul990
2015-02-12 04:33:07
Ак жол! аман эсен барып келгиле,.супер инфо супперсинер!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан