Дүйнөлүк балет жылдыздары Бишкекте өнөрүн тартуулашат

1-мартта Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында КРнын Эмгек сиңирген артисти Айзада Тумакова дүйнөлүк балет өнөрүнүн жылдыздары менен биргеликте өнөрүн тартуулайт.

Аталган театрдан билдиришкендей, кечеде дүйнөлүк балет солисттери: Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Андрей Болотин, эл аралык сынактардын лауреаты Андрей Баталов, Щвейцариянын 2 балет өкүлү жана КРнын балет артисттери, Айзада Тумакованын өнөктөштөрү болушат.

Айзада Тумакова Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөн. Ал 1994-жылы Москва академиялык хореографиялык окуу жайын аяктаган, тажрыйба топтоо максатында Санкт-Петербургда, Мариинск мамлекеттик академиялык театрында чыгармачыл стажировкадан өткөн, Швециянын “Les Вallets Рersans” балет труппасына 2013-жылы чакырылган. Ошондой эле ар жылдары Германия, Австрия, Орусия, Беларусь, Швейцария мамлекеттеринде өткөрүлгөн эл аралык сынактарга, фестивалдарга катышкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан