Бүгүн америкалык ырчы Уитни Хьюстондун комада жаткан 21 жаштагы кызынын дем алуу аппараты өчүрүлөт

Америкалык ырчы Уитни Хьюстондун комада жаткан 21 жаштагы кызы Бобби Кристина Браундун дем алуу аппараты бүгүн, 11-февралда өчүрүлөт. Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Кристина Браун 31-январда өзүнүн жуунуучу бөлмөсүнөн эс-учун жоготкон абалда табылган. Аны жарандык никедеги күйөөсү Ник Гордон досу менен суу толтурулган ваннада бети менен ылдый болуп жатканында көрүшкөн. Ал полиция жана "Тез жардам" кызматын чакырган. Дарыгерлер келгиче жасалма дем алдырып турган. Бир жумадан ашык убакыттан бери комада жаткан кыздын мээсинде активдүүлүк байкалбаганын дарыгерлер айтышкан. Ушундан улам кыздын үй-бүлөсүнө оор чечимди кабыл алууга туура келген. Боббинин энеси Уитни Хьюстондун каза болгон күнүндө көз жумушу үчүн туугандары дем алдыруу аппаратын өчүрүүнү 11-февралга чейин создурушкан.

Эске салсак, Уитни 2012-жылы 11-февралда 48 жаш курагында дүйнө салган. Анын жансыз денеси Лос-Анжелестин “Беверли Хиллтон” мейманканасынан табылган. Бобби Кристина апасынын каза болгонун оор кабыл алып, эки жолу психикалык дарылоодон өткөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aika96
2015-02-12 15:35:19
Бобби Кристина Браун кечээ куну озуно келип бугун козун ачыптыр.Доктурлардын айтуусу боюнча акыбалы канаатандырарлык экен.Айыгып кетсин эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан