"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2014-жылдын супер тасмасы" наамынын жеңүүчүсү аталган “Курманжан датка” тарыхый тасмасы орусиялык “Ника” сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу "Айтыш-фильм" киностудиясынын басма сөз катчысы Чолпон Идрисова бүгүн, SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, тасма “КМШ жана Балтия өлкөлөрүндөгү мыкты фильм” номинациясына көрсөтүлүп, ага 4 мамлекеттин тасмалары ат салышууда.
"Курманжан датка" фильмине салым кошкон ар бириңиздерди жана тартуучу топту куттуктайм. Мына эми номинант болдук, буюрса, лауреат болобуз”,- деди Садык Шер-Нияз.
Белгилей кетсек, SUPER.KG порталындагы жылдын мыктыларын аныктаган сурамжылоодо аталган фильм "Жылдын супер тасмасы" наамын алса, башкы ролду жараткан Элина Абай кызы "Жылдын супер актрисасы" наамына татыктуу болду. Ошондой эле тасмада Алымбек датканын образын жараткан Азиз Мурадиллаев "Жылдын супер актёру" наамын багындыра алды.
“Ника” кинематографиялык улуттук сыйлыгы 1987-жылы СССРдин Кинематографисттер секретариаты тарабынан бекитилген. Ал кинематография тармагындагы абройлуу сыйлыктардын бири болуп саналат. Сыйлыктын негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси - режиссёр Юлий Гусман.