28-февралда Бишкектеги К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында “Музыка - элдин жаны” аталышында уйгур музыка маданияты тартууланат.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунан билдиришкендей, кечеде салттуу музыкалык аспаптардан чыккан кайрыктар жаңырып, көркөм бийлер бийленет, кооз костюмдар көрсөтүлөт.
Кеченин максаты - Кыргызстандагы этностордун маданиятынын ар түрдүүлүгүн, айрыкча балдар жана жаштар арасында эл аралык диалогду өнүктүрүү.
Иш-чараны “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду Кыргызстан элдеринин ассамблеясы жана Кыргыз улуттук консерваториясы менен биргеликте уюштурууда.