18-20-март күндөрү Бишкекте жаш киночулардын “Үмүт” аталышындагы 3-форуму өткөрүлөт.
Форумдун максаты – жаңы режиссёрлордун ысымын алып чыгуу, таланттуу жаштарды колдоо, тасма жаатына кадр даярдаган Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар менен кызматташуу. Ошондой эле форум таланттуу кыргызстандык жаш режиссёрлордун тасмаларын эл аралык сынактарга жылдырат.
Кинематография департаментинен билдиришкендей, жаш киночулардын 3-форуму улуттук даректүү тасма жана улуттук кыска метраждуу тасма багытында жүргүзүлөт. Форумга документтер 23-февралга чейин кабыл алынып, комиссия мүчөлөрү 2-мартка чейин иш алып барышат.
Иш-чараны КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кинемотография департаменти уюштурууда.