Кыргызстандык жаш ырчы Айыма Айылчиева казакстандык продюсердик борборлордун бири уюштурган долбоорго катышып, анын 2-туруна өттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда ырчынын менеджери Мирзада Майчинова SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, долбоор таланттууларды тарбиялап, жергиликтүү жана эл аралык сынактарга даярдайт.
“Айыма учурда долбоордун алкагында 3 айлык стажировкадан өтүүдө. Ал долбоор аркылуу Кыргызстандын атынан чет элдик фестиваль, сынактарга катышууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айыма - максатына жете билген жоопкерчиликтүү кыз. Ата-энесинин ишеничин актап, бийиктиктерди багынтуу үчүн Казакстанда музыкалык тажрыйбасын жогорулатып жатат”,- дейт Мирзада Майчинова.
Эске салсак, 17 жаштагы Айыма Айылчиева Украинанын Киев шаарында өткөрүлгөн “X-Factor 5” сынагына катышып, сынактын тандоо турларынан өткөн. Долбоордун уюштуруучулары иштешүү боюнча келишимге кол коюуну сунушташкан. Бирок долбоор узакка созулгандыктан, жаш ырчы андан баш тарткан.