11-февралда Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде кыргыз эстрада ырчысы Арсен чыгармачылык кечесин тартуулады. 1 эмес, 3 клиптин бет ачарын өткөрүүгө багытталган кечеге кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү Бакыт Байсариев, Эрмек Нурбаев, Нурсултан Майназаров, Санжар Мыкыев, Эрнист Сыдыков, Урмат Усенов, Неля, Анжелика, Максат Бегалиев, Акбар Сүйүнбаев, Даниель, Иса Өмүркулов, Нурсултан Азыкбаев, Бектемир Мамаюсупов, Жийдеш, Миргүл Эсеналиева, Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген, ырчынын жакын достору, клиптин каармандары келишти. Алар алгачкылардан болуп “Сени издеп”, “А бирок билбейсиң”, “Кыргыз жерин даңктайлы” аттуу ырларына тартылган клиптерине күбө болушуп, клиптин сапаты жөнүндө пикирлерин ортого салышты. Ырчынын мукамдуу үнүн баалашып, ийгилик каалап өтүштү. Жагымдуу маанайга курчалган кечеде Арсен мырза жана конокко келген ырчылар бир шиңгилден обон созушту. Шаңга бөлөнгөн иш-чараны Санжар Мыкыев алып барды.
“Кечени көптөн бери көрүшпөй келген эң жакын сахналаш досторум менен жүз көрүшүү, ортодогу мамилени бекемдөө максатында уюштурдум. Күзүндө жеке концертимди берем, ага карата репертуарымды жаңылап, жаңы альбомдун үстүндө иштеп жатам. Алардын арасында 3 ырга тартылган клиптерди биринчилерден болуп кечеге чакырылган досторума көргөзүп, ал тууралуу пикирлерин угуп, анализ жүргүзөйүн дедим”,- деди ырчы Арсен.