Бүгүн, 12-февралда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында кыргыз режиссёру Эрнест Абдыжапаровдун автобиографиялык “Кекеч” аттуу тасмасынын бет ачар аземи өтүүдө. Аземге КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, кино тармагынын өкүлдөрү, режиссёрдун жакындары, тасманын каармандары келишти.
Тасмада башкы каармандарды Нурак Өмүрбеков, Рахат Божокоева, Алиша Диа, Айнура Чанчарбаева ойношкон.
“Тасма Бишкек шаарында тартылган. Сапатына көбүрөөк көңүл буруп, каражатты аяган жокпуз. Азырынча канча акча сарпталганы белгисиз. Болжол менен 40-50 миң доллардын тегереги болот. Анткени каражат жетишпей калганда насыя алууга туура келген”,- деди Эрнест Абдыжапаров.