Бишкекте сүрөтчү Рифкат Бухарметовдун жаркын элесине арналган көргөзмө ачылды

Бишкекте КРнын Эмгек сиңирген ишмери, сүрөтчү Рифкат Бухарметовдун жаркын элесине арналган көргөзмө ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинен билдиришти.

Рифкат Бухарметов Өзбекстандын Бекабад шаарында 1951-жылы туулган. Алгач Фрунзедеги Көркөм сүрөт окуу жайын, 1979-жылы Москвадагы Суриков атындагы Мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1989-жылы КРнын Сүрөтчүлөр союзунун живопись секциясынын төрагасы болгон. Ал С.Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайында живопись жана композициядан сабак берген. Р.Бухарметов 2013-жылы 18-февралда 62 жаш курагында дүйнө салган.

Белгилей кетсек, көргөзмө “Аль-Хаят” галереясында 20-февралга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан