“We’ll be” бий тобу Кыргызстанды кыдырып өнөрүн тартуулап, мастер-класс беришет

“We’ll be” бий тобу Кыргызстанды түрө кыдырып өнөрүн тартуулайт. Бул тууралуу топтун бийчиси Максат Токтоналиев SUPER.KG порталына билдирди. Алардын алгачкы гастролу Ош жергесинде орун алат. Таланттуу бийчилердин концерти 21-февралда Ош драма театрында өткөрүлүп, кайталангыс бийлерин көргөзүшөт. Ошондой эле бий өнөрпоздору хореографиялык чеберчилиги, бийлөө техникасы менен бөлүшүп, мастер-класс өтүшөт.

Биз борбор калаада, чет өлкөлөргө барып талантыбызды көрсөтүп келебиз. Бирок өлкөнүн облустарына бара элекпиз. Биринчи жолу Ош тарапка сапар алганы турабыз. АКШда өткөрүлгөн биринчиликке катышып, топтоп келген тажрыйбабыз менен бий сүйүүчүлөрү менен бөлүшөбүз. Муну менен жаштарды сергек жашоого үндөп, бий искусствосуна кызыктырууну көздөйбүз”,- деди Максат Токтоналиев.

Топтун бийчилери: Дастан Тилек уулу, Максат Токтоналиев, Эрмек Керимбаев, Рустам Мараткулов, Гүлчоро Сыдыков, Нишаналы Кубаталы уулу жана Кубанычбек Чилетиров. 

Эске салсак, “We’ll be” бий тобу 2014-жылы 6-августта АКШда өткөрүлгөн бий боюнча биринчиликке катышып, жарым финалына чейин жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chalkan
2015-02-13 11:36:33
Кайран кыргыз тил. Кор болдуго, жада калса кыргызча ат коё албайбыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан