Казакстандык "All davai" тобу Ильяз Абдыразаковдун жеке концертинин көркүн ачты

Бүгүн, 14-февралда Бишкектеги Спорт Ордосунда ырчы Ильяз Абдыразаковдун жеке концерти орун алды. Сүйүү күнүнө арналган кечеде ырчы махабат кайрыктарын созду. Эки жылдан бери борбор калаага концерт бере элек ырчынын концертине 3 жаштагы уулу Розан да күбө болуп, атасына гүл сунду. 
Казакстандан келишкен конок ырчылар ЕржанАдилет ЖенисБейбит Корган, "Заман", "Самал" топтору ыр ышкыбоздоруна чыгармачылыгын тартуулап, сөзү-обону Ильяз мырзага таандык ырларды жаңыртып, аны менен дуэт ырдашты. Алыстан ат арытып келишкен казак ырчылары Ильяздын талантына баа беришип, ал Казакстанда популярдуу экенин бир ооздон айтышты. Ошондой эле кыргыз ырчылары Минюра, Алихан, Нияз Абдыразаков да ыр сунушса, "Тамашоу" Лигасынын 7-сезонунун Кышкы фестивалында "Мыкты команда" аталган "Универсал" тобу күлкүгө бөлөдү. 
Ал эми көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган "All davai" тобу сахнага чыкканда зал жапырт кыйкырып тосуп алды. "За тебя я умру", "Алматы-Дубай", "Жаным" жана башка ырларын жандуу үн менен аткарып, так секире бийлеп, зеригип бараткан көрөрмандарды жандандырды. Ар бир ырын берилүү менен ырдап, өзгөчө харизмасы менен бул кеченин сүймөнчүлүгүнө айланды. 
Концертти алып барган "No name" командасынын жигиттери "All davai" тобун рэп айтуу боюнча баттлга чакырышты. Күтүлбөгөн сунушка топтогу жигиттер дароо макул болушуп, "Бишкек, Алматы, "No name", "All davai" сөздөрүн кошуп рэп айтып, көрүүчүлөрдүн колдоосуна алынышты.
Кечеде алып баруучулук тизгинди башкарган тапандар көрүүчүлөрдүн арасынан кыздар менен мырзаларды сахнага алып чыгып, аларды бий өнөрү менен таймаштырып, мыкты бийлеген кыз-жигитке белек тапшырышты.
Ильяз Абдыразаковдун концертинен репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Bakulya79
2015-02-15 01:11:21
Казактардын концерти эмеспи.тегиз эле чоочун кишилер.алга!!!Ильяз!онорун оркундой берсин.сен жонокойлугундон элдин баарына жагасын.омур бою куйормандарын бар болсун.эч качан очпо.жылдызын жана берсин.
+7
Blueaffair
2015-02-15 01:44:58
Сонун
0
arzuu1
2015-02-15 01:57:13
Красавчик ийгилик сага
0
kama_future_millioner
2015-02-15 02:09:06
Ийгилик жакшы концерт болуптур
0
orhidea83
2015-02-15 02:36:59
Ииййййгилиииик
0
33SUUN
2015-02-15 02:38:19
Жыланач баатырлар кошулган концерттерди коргондо ,,,айтпай эле койоюн.Иляз ошолорду кошпой эле койбоптур.
0
Altysh_Boldush
2015-02-15 02:58:49
Эми концертти качан интернетке чыгат экен а? Куштусун ильяз. Казак туугандар сенин астында кызматта журушот сыйлашып
+3
tilya9102
2015-02-15 06:35:06
Ильяз жакшы бала жонокой башкалардай эмес алга ийгилик сага
0
Dadasdasd
2015-02-15 07:49:22
Казактарго коцерттин коркун ачыптыр, а Курманжан датканын синдилери кокурогун ачыптыр.
+14
ysmanali
2015-02-15 18:12:55
Dadasdasd, туура айтасын Курманжан датканын синдилери кокурогун ачыптыр
0
asanova92
2015-02-16 01:32:35
Dadasdasd, ошо кокурогун ачкандарды тим эле койсо болмок, фигуралары укмуш болсо унчукпайт болчум, бийлеп жаткан кокурогу ачыктар биртке арыктап анан бийлесенер озунорго жакшы деп айткым келет))
0
aydarken
2015-02-15 13:34:23
Ильяздын ырлары аябай жагымдуу тажабай угам телефонумда да кобунчосу Ильяздын ырлары,талантын баа жеткис азаматсын 2008 жылы Баткен шаарында стадиондо концерт койгон мен баралбай арманда калганым эсимде...
0
zhenishmyrza
2015-02-15 15:46:57
Красавчик
0
admin_superstan
2015-02-15 17:28:45
makwell, саламатсызбы!
Баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Руслан Нарынбаевдин аткаруусунда төмөнкү репортажда:
http://www.super.kg/media/stv/135907/
0
coco_chichi07
2015-02-15 20:50:49
Азаматсын ийгилик ильяз!
0
milan_92
2015-02-16 18:16:34
iygilik.birok Ilyaz myrza maga jakpaisyn
-1
Altysh_Boldush
2015-02-17 02:59:09
milan_92, адамдар кызыктай элебиз. Мага жакпайт деп. Ильязда биронун жакшы коргон. Суйукту баласын. Балдарын атасы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан