Ош жана Жалал-Абадда Куурчак театрынын артисттери балдарга жомок көрсөтүшөт

Бурул Асакеева жетектеген “Рабаят” куурчак театрынын эмгек жамааты түштүк жергесиндеги бөбөктөргө өнөрүн тартуулап, алар менен бирге жомок дүйнөсүнө саякатташат. 

Аталган театрдан билдиришкендей, жомоктор 18-21-февраль күндөрү Жалал-Абаддагы Барпы театрында, 22-26-февраль күндөрү Ош шаарындагы Кыргыз драма театрында орун алат. Анда “Өрдөктүн укмуштуу окуясы”, “Петушок - золотой гребешок” аттуу элдик жомоктун негизинде даярдалган спектаклдер көрсөтүлөт.  

“Рабаят” куурчак театры 2002-жылы негизделип, Казакстандын жана Орусиянын Куурчак театрлары менен бирге иштешип келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2015-02-16 11:55:19
Ошенткилечи, балдарды жомок дүйнөсүнө жетелегилечи. Болбосо балдарыбыз балалыктын доорун сүрбөй, дароо эле чоң кишиге айланып баратышат...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан