Эрмек Нурбаев жана юрист Жоомарт Жолдошев бөбөктөргө китеп окуп беришти

Бишкекте “Тамашоу” долбоорунун президенти Эрмек Нурбаев жана юрист Жоомарт Жолдошев бөбөктөргө китеп окуп беришти. Бул тууралуу Эрмек Нурбаев бүгүн, 16-февралда билдирди. 

"Балдарга китеп окуган жылдыздар" аталышындагы долбоордун алкагында өткөрүлгөн иш-чарага катышкан балдарга атактуулардын оозунан жомок угуу кызыктуу болуп, кунт коюп угуп отурушту".

Айта кетсек, аталган долбоордун алкагында театр, кино, эстрада, саясат айдыңындагы атактуу инсандар өзүлөрү бала кезинде жакшы көргөн чыгармаларын бөбөктөргө окуп беришет. Бул жолугушуу балдарга жана ата-энелерге өлкөдөгү белгилүү адамдар менен таанышууга, китеп тууралуу сүйлөшүүгө жана китеп сүйгөн досторду табууга мүмкүнчүлүк түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан