Бүгүн, 17-февралда Бишкекте куудул Абдылда Иманкуловдун жеке концерти өтүп жатат. Зал толо келген элдин басымдуу бөлүгүн улуу муундун өкүлдөрү түзгөнү байкалып турат. Куудулдар Борончу менен Тынар баштап берген концерт улам кызып барат. Анда аткарылган тамашалардын ичинен саясатка байланыштуулары элдин алкышына арзып жатканын айта кетпесек болбос.
Төмөндө А.Иманкуловдун жана башка куудулдардын айткандарынан мисал келтиребиз, жылмайып коюңуз:
* Мен депутат болсом болот, анткени алардан айырмабыз деле жок. Мен концертте элге жаккан сөз айтам, анан ага жооп бербейм.
* Оторбаев бийлесин,
Ошто газ жок экенин,
Ошол кантип билбесин?..
* Маданият өспөй, мамлекет өспөйт дейт. Биздин саясатчылар концертке келгенден уялышат. Келсе да саясаттан кеткенден кийин келишет. Ошондо да келип алып, “бийлик силерге көңүл бурбай жатат” деп акыл үйрөтүшөт.
* - Кийинки президент ким болот?
- Ой, мен айтпайм. Мына, башкы прокурор ким болорун болжоп койду эле, бир министр кызматтан кетти. Эми мен президентти айта коюп, соттолуп кетейинби?