17-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда белгилүү куудул
Абдылда Иманкуловдун жеке концерти орун алды. Концерт көрүү үчүн келген элдин, куудулду куттуктап келген чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнүн оозунан "жеке концерт деп ушуну айт" деген сөздөрдү угуу мүмкүн эле. Албетте, Борончу, Тынар, Жамбыл Камчиев сыяктуу алп куудулдардан тышкары концертте Абдылда Иманкуловду колдоп келип ырдагандар аз болду. Абдылданы коштой чыгып күлкү жараткандар деле калың элге анча таанымал эмес куудулдар экен. Күлкүнүн тилин билген эл үчүн бул көп деле мааниге ээ эмес экенин алардын обого жаңырган күлкүлөрү, тынымсыз кол чабуулары айтып турду.
Кезинде коомдун көйгөйлүү маселелери акындардын жүрөгү аркылуу өтсө, учурда куудулдар да элдин көйгөйүн күлкүгө салып келишет. Айталы дегенибиз, куудул мыкты даярдыгын далилдеп, саясаттагы, маданияттагы, коомдогу көйгөйлүү маселелерди айтуу менен элге күлкү тартуулады. Өзгөчө партиялардын шайлоо астында берген убадаларын элге эскертип, күлө турган жорук экенин айтканда элдин күлкүсү бир топко тыйылган жок.