Кыргызстандан Малайзияга "Супер-Инфонун" жолдомосу менен барышкан ырчылар
Нурлан Насип,
Сайкал Садыбакасова жана Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен барган "тамашоучулар"
Бакыт Осмонканов менен
Жеңиш Майрамбек уулу бүгүн, 17-февралда Бишкекке кайтып келишти. Узак жол жүрүп келген чыгармачыл топту тосуп алганыбызда, алардын мурункудан да ынак болуп калышканын байкадык. Сапарды жыйынтыктап, жол жүрүүдөн чарчагандарын айтышкан ырчылар жана күлкү жаратуучулар ал жактагы сезимдер тууралуу айтчу сөз көп экенин баса белгилешти. Ооба, окурман, ырчылардын ысык өлкөдө эс алганы тууралуу кеңири фоторепортажга "Супер-Инфо" гезитинин жакынкы сандарында күбө болосуз. Ал эми ырчылардын Малайзияга болгон сапарындагы кызыктардын видеоверсиясын
SUPER.KG порталынын "Супер ТВ" бөлүмүнөн көрө аласыз.
Ырчы Сайкал Садыбакасова төмөнкүчө ой бөлүштү: "Мен Малайзияга барганда аба алмашууга көнө албай, 2 күн кыйналдым. Муну эске албаганда, эс алуу ойдогудай болду. Буга чейин пландагандай сүрөткө көп түштүм. Буюрса, кийин мүмкүнчүлүк болсо, дагы барып эс алып келүүнү тилек кылып койдум. Малайзия мага абдан жакты".
Ал эми ырчы Нурлан Насип Малайзиянын өзү элестетип баргандан да кооз экенин белгиледи. "Ооба, мен Малайзияга барганга чейин интернеттен бара турган жайлар тууралуу маалымат алып, сүрөттөрүн көргөм. Анын баарын жанынан көрө келгенде өтө кооз экен. Маймылдар менен тааныштык. Ал жактан алган таасир тууралуу кези келгенде кенен отуруп айтып беребиз".
Күлкү жаратуучулар Бакыт менен Жеңиш да өз ойлорун билдиришти. Бакыт Осмонканов "Малайзия кооздугу жагынан, билим, ыйман, маданият жагынан алдыдагы өлкөлөрдүн бири. Ал жактагы эс алуу аябай жакшы болду" десе, Жеңиш күлкүлүү окуялар көп болгонун айтып отурду. "Биз барган аэропорт аябай чоң экен. Кыргыздар адаттагыдай чачырап кетип, бири-бирибизди издеп, табышканга көп убакыт коротуп жаттык. Мен байкагандан Сайкал ооруп жатты, Нурлан сүрөткө көп түштү. Ал эми Бакыт байке бассейнден чыккан жок. Негизи, ар бир күндөгү кызыктуу окуяларды айтып берсе болот. Өтө көңүлдүү, эсте каларлык эс алуу болду",- деди Жеңиш Майрамбек уулу.