Бишкекте япон тилинде караоке сынагы өтөт

21-февралда Бишкекте япон тилинде караоке сынагы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу уюм - Кыргыз-япон адам өнүктүрүү борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынакка катышууга япон тилин билүү зарыл эмес жана катышуучулар жекече же топ менен ырдай алышат. "Иш-чаранын негизги максаты - япон тилине, маданиятына кызыгууну жогорулатуу. Караоке сынагына катышууга билдирүүлөр 27-январдан 9-февралга чейин кабыл алынган. Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышат",- дешти уюштуруучулар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан