Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Эл жазуучусу
Мар Байжиевдин калемине таандык "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин хрестоматиялык басылышынын бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри, элчилер катышты. Басылма кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жарык көрүп, кыргыздын репрессияга туш болгон манас таануучулары
Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Евгений Поливанов, Токчоро Жолдошев, Зияш Бектенов, Ташым Байжиевдердин жаркын элесине арналган.
Иш-чараны автор ачып, китеп, котормолор туурасында, аталган манас таануучулар, алардын татаал тагдырлары жөнүндө кыскача айтып берди. Андан соң сахнада тажик, казак, азербайжан тилдерине которулган варианттардын айрым жерлери окулуп, айтылуу үчилтиктин негизинде даярдалган спектаклден үзүндү көрсөтүлдү.