3-5-март күндөрү Бишкекте Башкортостан Республикасынын Маданият күндөрү өткөрүлөт. Иш-чаранын бет ачар аземинде “Жети кыз” башкыр уламасынын мотивинде тартылган жана элдик ырларынан турган “Етегэн” аттуу музыкалык тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу КРнын Кинематография фондунан билдиришти.
Аталган фильмдин сценарийинин авторлору - Айсыуак Юмагулов, Алтынай Бурина, Ирина Хужина, режиссёру - Айсыуак Юмагулов.
Бул фильмде туулган жерин коргоого алышкан жети кыздын эрдиги тууралуу баяндалат. Етегэн – Чоң Жетиген жылдыздар тобунун башкырча аталышы. Уламыш боюнча, кыздар душмандар менен болгон аёосуз салгылашууда жылдызга айланып кетишет. Ал эми башка версия боюнча, кыздар туткунга кабылбаш үчүн бийик аскадан бой ташташат. Тасмада болсо эки версия тең өз ордун тапкан.