“Тамашоу” Лигасынын “Ак калпак” кубогу үчүн бетме-бет таймаша турган “No name” жана “Ак-Өргө city” командалары мелдешке кызуу даярдык көрүшүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 18-февралда аталган командалардын оюнчулары билдиришти.
Мелдеш 5-мартта Бишкектеги Спорт Ордосунда Ак калпак күнүнө карата өткөрүлөт. Таймашта эки команда саламдашуу, видеого маалымат берүү, суроо-жооп, музыкалык үй тапшырмалары боюнча күч сынашат.
“No name” командасынын капитаны Мурат Жалиев: “Биз ушуга чейин “Ак-Өргө city” менен бетме-бет кезиге элекпиз. Эки команда тең тамашалары менен эл оозуна алынып, күйөрман топтоп коюшкан. Ошондуктан кимибиз утарыбызды ишенимдүү айта албайм. Анткени ал командада Эмил, Самат деген таланттуу балдар бар, анан Жаныш Майр да кошулуптур. Айтор, күчтүү команда, ошентсе да “утуш керек” деген принцип менен катуу даярдык көрүүдөбүз. Бирок алар акыркы учурда тасма талаасына ыктап кетишпедиби. Ал эми биз дайыма сахнага чыгып келгендиктен, “Тамашоудогу” форма бар, андыктан утабыз деген үмүттөбүз.
Бул таймашка өзгөчөлүк киргиздик. Мисалы, “Суроо-жооп” деген тапшырмада эки команданын жигиттери чыгат да, бири-бирине суроо беришет. Эгер кимдердин жооптору күлкүлүү болбой калса, алар сынактан четтетилип отурат. Акырында кайсы команданын жигити калса, тапшырманын жеңүүчүсү аталышат”,- деди.
“Ак-Өргө city” командасынын оюнчусу Самат Эркинбеков: “Тасмаларда тартылып жүрүп сахнаны сагындык. Бир жылдан бери эл алдына чыгып күлкү суна элек болчубуз. Телевизор көргөнгө убакыт болбогондуктан, жаңылыктардан артта калдык. Аларды кубалап жетишибиз зарыл. Ошондуктан жеке жашообузду, башка жумушубузду жыйыштырып коюп мелдешке даярдык көрүп жатабыз. “No name” командасы - күчтүү команда. Бул сынактан бирөө жеңет, бирөө жеңилет. Бирок биз жеңишти камсыздашыбыз керек деп жатабыз”,- деди.