Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын ынтымагын чагылдырган китептин бет ачары болду

Бишкектеги КРнын Тышкы иштер министрлигинин К.Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси О.Рахимовдун лекциясы болду. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинен 18-февралда билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында саясий илимдеринин доктору У.Саралаевдин

“Кыргызстан-Тажикстан: ынтымактуу коңшулук, ишенимдүү жана эки тарапка тең пайдалуу мамиле” китебинин бет ачары болду.

Аталган китеп сырткы саясат мекемелеринин жана уюмдардын кызматкерлерине, политологдорго жана эл аралык эксперттерге, кеңири окурмандарга ылайыкташтырылган. Иш-чарага аталган академиянын ректору Н.Айтмурзаев, “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин төрагасы

Э.Асаналиев, Кыргызстанда жашаган тажик диаспорасынын өкүлдөрү, студенттер катышты.

         

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан