Кыргызстандык окуучу кыз тарткан эмблема Мекендештердин бүткүл дүйнөлүк оюндарынын символу болду

Кыргызстандык окуучу Ксения Шалыгина тарткан эмблема Мекендештердин бүткүл дүйнөлүк оюндарынын символу болду. Бул тууралуу Кыргызстандагы Орусия кызматташтыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын февраль айында балдардын жана өспүрүмдөрдүн көркөм эмгектери боюнча эл аралык сынактын жыйынтыгы чыгарылган. Ал сынак 11-17-апрель күндөрү Сочиде өткөрүлчү Биринчи дүйнөлүк өспүрүмдөр арасындагы оюндардын ачылыш аземине арналды. Сынактын талабы боюнча, катышуучуларга өтө турган оюндун эмблемасынын эскизин тартуу тапшырмасы берилген.

Бул сынактын жеңүүчүсү болуп Бишкектеги №6-мектеп-гимназиясынын окуучусу Ксения Шалыгина аталды. Жаш сүрөтчүнүн айтымында, түстүү айланага спортчуларды стилге салган элес - ар кайсы мамлекеттерден мелдешке келген жаштардын биримдигинин символу.

Ксения Шалыгина 2008-жылдан бери “Балажан” республикалык методикалык-окуу борборунда живопись студиясында КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Наталья Овчинниковадан билим алып келет. Ксениянын таланты жана талыкпас эмгеги республикалык, эл аралык сынактардын дипломдоруна, көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татыган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kanikey2611
2015-02-19 05:38:05
Малатцы
0
SULUU-KYZ
2015-02-19 08:50:43
Сулуу экен,азаматсын!
+2
maks100589
2015-02-19 09:38:28
Кайсы бир улуттун курагына окшоп жатат.
0
jora.kg
2015-02-19 17:22:39
Молодец, онорун оркундой берсин!
+1
baba.
2015-02-19 17:36:54
жаштар алдыгаааа
+1
milan_92
2015-02-19 19:41:14
azamatsyn iygilik
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан