Акчанын кулуна айланган адамдарды сүрөттөгөн "Соолуган гүлдөр-2" тасмасынын бет ачары болду

Бүгүн, 19-февралда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында Тынчтыкбек Бугучиев режиссёрлук кылган “Соолуган гүлдөр-2” аттуу көркөм тасманын бет ачары жабык эшик артында эл назарына коюлду. Ага биринчилерден болуп тасма жаратуучулар, башкы каармандардын ролун аткарган артисттер, киноискусство тармагында билим алып жатышкан студенттер күбө болушту. 

Бул фильм “Соолуган гүлдөр” аттуу тасманын уландысы, сценарийин режиссёр Тынчтыкбек Бугучиев жазган, оператору – Нурбек Мамбетисаев, директору – Айбек Карымов.

Мистика жанрындагы тасмада башкы каармандардын ролун Айнура Акылбекова, Канат Абдрахманов, Медер Жанбейишов, Ажара Рахманова, Ален Аралбаев, Айдар Жээнкулов, Мээрим Кабаева ойношкон.

Кызганычтын айынан киши өлтүрүп, уулун балдар үйүнө таштап, абакта жети жыл отуруп чыккан Пери аттуу аялдын оор тагдыры сүрөттөлөт. 

Жылдар өтүп, күнөөсүн сезип, уулун көрүү үчүн таштап кеткен балдар үйүнө пол жуугуч болуп жумушка орношот. Ал жерден балдардын сатылып жатканына күбө болуп, милицияга кайрылып, жардам сурайт. Бирок балдар үйүнүн жетекчиси укук коргоочуларга акчаны тең бөлүшүүнү убада кылып, аларды жолго салат. Перини болсо зордуктап, ур-токмокко алышат. Башкы каарман балдарды сактап калуу үчүн сатууга шектүүлөрдөн өч алып, өлүм менен жазалайт.

Режиссёр Тынчтыкбек Бугучиев: “Каражаттын тартыштыгынан тартуу иштери бир жылга созулду. “Соолуган гүлдөр” тасмасында махабат темасы чагылдырылса, экинчи бөлүгүндө адамдардын бири-бирине болгон мамилеси көрсөтүлөт. Азыр адамдар акчанын кулу болуп калышпадыбы. Мына ушул көйгөйдү көрсөтүү биринчи максат болду”,- деди.

Тасмада башкы каармандын ролун чеберчилик менен аткарган Айнура Акылбекова: “Мен өзүм 22 жашта болгонум менен, оор тагдырга кабылган 35тен ашкан аялдын образын жараттым. Психологиялык роль болгондуктан, каарманымдын образын ачып берүү кыйын болду. Бирок режиссёр туура жол көрсөтүп, образды жетиштүү деңгээлде ачып бере алдым”,- дейт.

Акчанын кулуна айланган адамдар тасмада чагылдырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Suke93
2015-02-20 12:41:28
Ушул Режиссёр агайыбыздын кинолору жакшы чыгып жатат сизге ийгилик каалайм жана "Соолуган гулдор 3"-да кутобуз!!! ТиК.
0
bale95
2015-02-20 15:55:56
Suke93, туура мыкты экен корууну сунуштайм баарына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан