Эл аралык Футбол федерациясынын (ФИФА) расмий сайтында футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы 99-орунду ээлеп, 9 позицияга көтөрүлгөнү жарыяланды. Бул көрсөткүч кыргыз курамасынын тарыхындагы эң жакшы жыйынтык. Апрель айындагы рейтингде 100-орунду ээлеген болчу. Ал эми Азия Футбол конфедерациясынын рейтингинде Кыргыз Республикасы 11-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, октябрь айында улуттук курам эки расмий оюн өткөргөн. Ливандык спортчулар менен болгон беттеш тең чыгуу менен аяктаса, түркмөнстандык футболчулар менен болгон оюнда жеңишке жетишишкен.
Жаңы рейтинг 24-ноябрда жарыяланат.