"ЭЛДИК КАБАРдын" жардамы менен Орусияда "2-апрелден бери дайынсыз" делип жаткан 20 жаштагы Кайратбек кызы Айлара табылды

Орусияда "2-апрелден бери дайынсыз" делип жаткан 20 жаштагы Кайратбек кызы Айлара табылды. Бул тууралуу окурман 13-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. "Кыздын апасымын" деген Айымгүл аттуу окурмандын айтымында, Айлара 11-апрель күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы курбусунун үйүнөн табылды. "Сиздердин жардамыңыздар менен кызым табылды. Кызымдын курбусу менен чогуу жашаган кыздардын бири SUPER.KG`ге берилген маалыматты окуп калып, кызыма "сени издеп жатышат" деп кабар бериптир",- деди Айымгүл. 
Айта кетсек, кыздын апасы Айымгүл кызы 2-апрелде үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген болчу. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Deesmond
2015-04-13 15:34:46
Сулуу кыз эмне айтпай кетип калдың а?
0
Qnet
2015-04-13 16:02:27
Супер инфо, эмнеге менин кабарымды порталга жуктобой жатасыздар?
0
admin_portal
2015-04-13 17:04:01
Qnet, саламатсызбы!
Купуя аркылуу жооп берилди.
0
Biinura
2015-04-13 16:03:32
Бироого сын айткандан коркосун.
0
mira28
2015-04-13 16:07:30
Кызынын сулуулугун рекламалап жаткан жокпу апасы.Кайра кайра суротун коет да тообо.
+1
A3A
2015-04-13 16:16:00
Питерге кетип калган ХХХ ХХХ
+2
admin_media
2015-04-13 16:36:06
A3A,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
sergo
2015-04-13 16:31:57
Эси жок кыз экенда питерге апасына айтбай кетип калса.
+5
Nurlankg92
2015-04-13 17:04:23
Кызык мен бул кызды тааныйм,азыр мен да питердемин ,жакшыы еле журот елего жоголбой еле.
+1
jamilya03
2015-04-13 17:26:08
кызынды реклама кылып буттун эми жуучуларды куто бер
+3
begai93
2015-04-14 03:57:53
jamilya03, тооба, апасы элге жарыялап издегиче,сопсоо туруп дайынын билгизбей жургон кызды сурап менимче нормальный жуучулар барбаса керек!
+2
Kesh.26
2015-04-13 17:36:55
Жакшынакай кыз экен))) Этият болбосо эми чындап жоголот...
-1
bom.bon
2015-04-13 18:15:10
Милицияга да кабар берген бекен?жее
+2
st1m_
2015-04-13 18:19:44
Гезит бетине бир чыгып койгулары келип эле жаза салышканбы деп калдым.
+1
zhykyo
2015-04-13 19:25:44
Эсин барда этегинди жый
0
make2
2015-04-13 23:37:46
сулуулугун реклама кылганча тарбия бер ыймандуу, бактылуу болсун деп тилеш керек жаш кызындын башын айлантпасанчы
+2
samidinova84
2015-04-14 02:43:39
Кызы чындап жоголгон эне,Ватсапп же вибер аркылуу кабар жазганга да шайы келбей кыжаалат болуп,питерди туро кыдырып издемек.
+2
aibek92
2015-04-14 18:16:32
Питерге курбусуна ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-04-15 11:12:29
aibek92 - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан