"Мектеп бүтүрүүчүлөрү өз мектептерине белекке сыналгы же сүрөт эмес, окуй турган китеп беришсе" дейт министр

"Азыр мектеп бүтүрүүчүлөрү өздөрү бүтүргөн окуу жайга белекке ар кандай азем буюмдарды, сыналгы же сүрөт сыяктуу нерселерди беришет. Андан көрө көркөм окуганга, математика эсептерин чыгарганга керектүү китептерди алып келишсе бир кыйла пайдалуу болмок". Мындай пикирин бүгүн, 16-апрелде маалымат жыйынынын жүрүшүндө билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди. Анын айтымында, учурда 4-класска чейинки окуучулар китеп окуу жана математика эсептерин чыгарууда бир топ кыйналышат. 

Ар бир ата-эне бир күндө жок дегенде жарым саат баласына китеп окуп бериши зарыл. Бул башталгыч класста окуган баланын аң-сезимин өрчүтүп, китеп окууга болгон кызыгуусун арттырат”,- дейт Сариева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
beka1207
2015-04-16 17:19:44
эми ушул мектеп бутуруучулорго умут этпей эле койбойсузбу урматтуу министр)))мектеп бутуруучулор кайсы жыргаткан белек беришмек эле)))акчалары жок болсо...андан коро корупцияга богот койуп сапаттуу билим,жетиштуу китеп беруу жагын сиздер ойлонсонуздар!!!
+3
murat88
2015-04-16 19:45:49
Китепти мамлекет камсыз кылыш керек, а бүтүрүүчүлөрдүн белеги башка.
+2
Qnet
2015-04-16 20:22:38
Уят эле ушундай билдируулорду жасашкандары!
-1
zhanka1234
2015-04-16 20:43:06
Аны да мугалимдер зордоп сурап алышат...баарыбыз эле мектепте окуганбыз, билебиз!
0
aziziko
2015-04-17 00:11:12
Оздору ар кайсы жерде квартиралап журушот да анан карызга акча сурап алып ошол 20 жылдыкты тосушат. Биз кыргыздар увгандардай болуп калдык
+1
lady.girl7997
2015-04-17 10:18:34
уялбай кантип айтты кокууй десе биз мектепке эч нерсе калтырбайбыз акчабыз жок десек директор жеп жиберчудой болгон эжей агайлар да мектепте окуучуларды болуп карашат бай кедей деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан