2-майда кыргыз-казак “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү жайында Жеңиш эстафетасын Казакстандын чек арачыларынан кабыл алуу боюнча салтанаттуу иш-чара болот. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, акция Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып, ал быйыл 2-февраль күнү Беларустун Брест шаарынан жана Орусиянын Мурманск шаарынан старт алган. Жеңиш эстафетасы кыргыз жергесинин Каракол, Нарын, Балыкчы, Бишкек жана Ош шаарлары аркылуу өтөт. Ал эми 7-май күнү Тажикстандын чек арачыларына өткөрүлүп берилет.
2-майда өтчү салтанаттуу иш-чарага кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын ардагерлери жана жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.