Дүйнөдөгү эң ири телескоп Чилиде жайгашкан, анын негизги күзгүсүнүн диаметри 39,3 метр. Мындай чоңдук адамзатка Күн системинен тышкаркы жайгашкан планеталардын атмосферасынын курамын изилдөөгө жана алыскы галактикаларды көрүүгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө адамзаттын көзүнөн жашыруун нерселерди LG Super Ultra HD TV 65UF950V сыналгысы аркылуу да көрүүгө болот.
4К форматындагы сыналгылар - бул картинкаларды жана визиалдуу сүрөттөлүштөрдү ТВдан берүүдөгү чыныгы жаңы тренд. Көнүмүш болуп калган картинкалар кыйла реалдуулукка айланып, экрандагы көрүнүштөрдү чыныгы жандуу көрүнүшүнөн айырмалоо кыйынга туруп калат. Сыналгынын кубаты Full HD картинкаларынын тунуктугун 4 эсе жакшыртат. Жыйынтыгында экрандагы сүрөттөлүш абдан деталдуу жана ачык көрүнөт.
LG Super Ultra HD TV 65UF950V сыналгысы - жаңы муундун жетишкендиги. Ал дүйнөлүк "Red Dot Awards-2014" сыйлыгына татыган webOS 2.0 платформасы менен жабдылган. Бул платформанын абдан түшүнүктүү интерфейси колдонуучулардын табитин арттырууга жетишти. WebOS 2.0 версиясынын жакшырышы командаларды аткаруу процессин 60 пайызга тездетет.
LG Super Ultra HD TV 65UF950V үлгүсү Upscaler функциясы менен жабдылгандыктан, сиз эми тасмалардагы эң динамикалуу учурлардын эң майда деталына чейин көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
Сыналгыдагы үндүн сапаты сүрөттөлүштүн сапатына төп келет. Үндүн берилишин тазалоочу жогорку деңгээлдеги 4.2 Ch функциясы "премиум" сапатындагы добуштарды берет. Бул абдан жука сыналгы бардык интерьерге гармониялашып, бөлмөңүзгө сонун көрк берет.