5-майда Ош шаарында А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо Конституция күнү КРнын спортунун 90 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралардын коштоосунда өттү. Иш-чарага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев катышып, шаардыктарды майрамы менен куттуктады. Бул күнү спортчулардын көргөзмө оюндары, Бишкек, Ош шаарларынын эстрада жылдыздарынын футболдук беттеши жана концерттик программасы тартууланды.