Эми жогорку класстагы тунуктук, түстөрдүн айкалышы жана көркөмдүк менен сүрөттөрдү толуктоо үчүн профессионал фотограф жалдоонун, кымбат жабдууну ижарага алуунун кереги жок! Болгону жаңы LG смартфонунун бир катар функцияларын башкаруу жетиштүү. Сиздин үй-бүлөлүк фототоптомуңуз заматта укмуш сүрөттөр менен толукталат.
Жаңы LG G4 смартфону профессионалдуу тартуунун функциялары менен жабдылган. Анын апертуралык линзасы смартфондордо биринчи жолу колдонулууда. Ал LG G3кө салыштырмалуу камеранын жарык сезгичтигин 80 пайызга жакшыртат. Бул күңүрт жерден да туптунук сүрөттөрдү тартууга мүмкүндүк берет. Булуттардын тез-тез алмашуусунда кадрдын жарыктык нормасын жөнгө салып туруу керек. G4 аркылуу сиз муну тез жана өз колуңуз менен каалагандай жөндөй аласыз. Manual Mode (кол менен түзүмдөштүрүү) функциясы сизге сүрөттөлүштүн фокусун, камеранын кадрды кармап калуу тездигин жана жарыктын өлчөмүн көзөмөлдөөгө жол ачат. Тартылган сүрөттөрдү JPEG форматында гана эмес, RAW форматында да сактоого болот.
LG G4түн камерасы Color Spectrum Sensor сенсору - түстөрдүн тактыгын жакшыртуучу функция менен толукталды. Тунук, деталдуу портреттер жана көпчүлүк түшүүчү сүрөттөр үчүн 8-мегапикселдүү алдынкы камера Gesture Interval Shot функциясы менен жабдылган, 2 секундда 4 кадр тартууга жөндөмдүү.
Бул 5,5 дюймдуу IPS Quantum Display дисплейи колдонулган биринчи смартфон. LG G4 смартфонунун арткы тарабы табигый булгаарыдан колго жасалган жана бир нече түстүү. Сырткы көрүнүшүнөн эле байкалып тургандай, бул смартфон колдонуучуга ыңгайлуулук тартуулайт.