Бул кечеде оюнчуларды "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, дизайнер Замира Молдошева, эстрада ырчылары Мирбек Атабеков, Омар, Урмат Усенов, спортчу Улан Эралиев жана юрист Жоомарт Жолдошев баалашты. Алар бул сезондун чемпиону наамына татыктуу деп "Позитифф" командасын табышты. Экинчи орунду сезондун эң жаш оюнчуларынан турган "Тамашарики" командасы ээледи. Ал эми үчүнчү орунда "Кыргыз двор" командасы жайгашты.
Айта кетсек, бул команда "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонунда "No name" командасын алдыга өткөрүп, 2-орунду ээлеген.