Бүгүн, 17-майда Бишкектеги Спорт Ордосунда ырчы
Өктөм Сапар уулунун жеке концерти өтүп жатат. Белгиленген мөөнөтүнөн бир аз кечигип башталган концертте алгач ырчы 2 ыры менен эл алдына чыкты. Залда отурган энелерди майрамы менен куттуктаган Ө.Сапар уулу андан соң
Роза Шакирова менен дуэт аткарды.
Алып баруучулук милдетти Чыңгыз Мырзаев менен Жанна Усубалиева аткарууда.