Ырчы, обончу Түмөнбай Колдошов тушоо кесүү концертинде ырларын жандуу үн менен аткарууда

Бүгүн, 28-майда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жаш ырчы, обончу Түмөнбай Колдошовдун жеке концерти өтүп жатат. Музыкалык кечени Нурзат Токтосунова жана Нурдөөлөт Копоев алып барышууда. Сахнаны "Улуу көч" бийи ачып берди. Андан соң концерт ээси Түмөнбай Колдошов "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" аттуу ырын аккордеон менен коштоп, жандуу аткарып, жаңы ырларын тартуулады.
Филармониянын концерттик залы көрүүчүлөргө толуп, бош орун жок. Кечеге келгендердин арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов жана Роза Акназарова да бар.
Айта кетсек, Т.Колдошев "Элегия", "Сиз жөнүндө", "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" аттуу белгилүү ырлардын обондорун жараткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
zoro21
2015-05-28 20:31:27
ырчылар эле көп!бирин тааный элек бири пайда болуп..Бир аз күзгүгө каранып алышса.
+1
Baymat
2015-05-28 20:59:47
zoro21, Тумонбай Колдошов берки ырчыларга салыштырмалуу жакшы ырдайт
+1
AFRODITA-89
2015-05-29 00:06:29
zoro21,бул ырчы коп ырчыларды тааныткан озу ыр жаратып обон чыгарып дегендей, ырлары салмактуу элге синимдуу, Тумонбайды жаны чыккан ырчыларга салыштырып болбойт!!!
-1
perichte
2015-05-28 20:59:25
Азаматсын, ийгилик каалайбыз!!!
-1
kuba502
2015-05-28 21:09:26
Ырлары маанилүү таланттуу обончу.
0
perichte
2015-05-28 22:07:24
Озу ыр чыгарып,озу ырдаган бул башка соз!Ырлары маанилуу жана уккулуктуу экен.ийгилик каалайбыз,азаматсын! Таланты бар киши болсо колдоп койсо ашыкча болбос.
0
bakyt_2015
2015-05-28 22:34:46
Кайда болсо ырчылар менен депутаттар.Замандын кыйчалыштып турушу ушуларга жакты.
+1
make2
2015-05-28 22:55:06
Таланты бар таанышы жок эми чыктыда жакшы ырлары бар экен, таанынышы барлар жүрөтко тантырап эптеп ак терек көк терек деп, таланты барлар чыксын!
0
Zarema94
2015-05-28 23:12:01
Биз бардык, с0нун болду! Экинчи-Ырыспай деп бекеринен айтылбайт тура
-2
meli12
2015-05-29 00:46:34
ушундай да ырчы барбы? козу карындан да толуп кетти го кыргызстпнда саны бар сапаты жок
-1
maksnarin
2015-05-29 12:34:45
Мага жакты,ырлары обону сонун создору да салмактуу экен,бирок Рыспай агага тенеш али эрте туугандар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан