Бүгүн, 31-майда Бишкекте "Кыргыздардын
салттуу билимдерин сактоо, жайылтуу жана социалдык маданий баалуулуктарды бекемдөө" аталышындагы эл аралык конференция өтүп жатат.
Жыйында
кыргыз элинин мал чарбачылыгы тармагындагы билимдерди, табигый
ресурстарды сактоо боюнча салттуу жана маданий баалуулуктарды
жандандыруу маселелери талкууланууда. Мындан тышкары конференциянын
алкагында китептер жана сүрөт көргөзмөсү, боз үй тигүү, "Жар көрүү" бийи
боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, коноктор кыргыз элинин
улуттук тамак-аштарынан даам сызышты.
Иш-чарага эл аралык донор уюмдары, мамлекеттик мекемелер, министрликтер, КРнын Калктар ассамблеясы
жана окумуштуулар катышып, конференцияны "Рурал девелопмент
фанд" ("Айыл өнүктүрүү фонду") коомдук фонду уюштурууда.