Өлкө аймагында жогорку окуу жайларга кабыл алуунун экинчи туру өтүүдө

Өлкө аймагында жогорку окуу жайларга кабыл алуунун экинчи туру өтүп жатат. Бүгүн, 15-июлда КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Бишкек шаары боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Кыргыз-Орус Славян университетинде ЖОЖго кабыл алуу сынагынын экинчи турунун өтүшүн текшерүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Текшерүү жүргүзүүдө министр тандоо комиссиясынан ЖОЖго тапшыруудагы абитуриенттерден жалпы республикалык тесттин талондорун кабыл алуу, автоматизация жүрүмү жана электрондук саноо боюнча маалыматты текшерди. Министр абитуриенттер жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери менен жолугуп, кесип тандоодогу жаштардын пландары жана алар дуушар болуп жаткан көйгөйлүү маселелер менен таанышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maks94.kb
2015-07-15 14:24:59
Эн жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан