Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу Түркиядагы сынакта баш байгени багынта алган жок

Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу Түркиядагы сынакта баш байгени багынта алган жок. Бул тууралуу кечээ, 14-июлдагы добуш берүүнүн жыйынтыгында белгилүү болгонун топтун менеджери Айбек Мирбеков SUPER.KG порталына кабарлады. 
Анын айтымында, кыргыз бийчилери финалга чыгышкан. Сынактын жеңүүчүсү СМС аркылуу берилген добуштардын негизинде аныкталды. "Балдар алдынкы 3 орундун ээлерин аныктайт деп ойлоп жатышкан. Уюштуруучулар 1-орундун ээсин гана жар салып, башка орундар боюнча маалымат беришкен жок. Балдар жыйынтыкты да, канчанчы орунду ээлегендерин да биле элек. Негизи, 8 же 10 финалчы бар болчу",- дейт
А.Мирбеков. 
Кошумчалай кетсек, 1-орунду түркиялык күлкү жаратуучу Юнус Каража ээледи. Сынактын баш байгеси 100 миң еврону түзгөн. 
Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобунун Түркиядагы сынактын финалындагы бийи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
aikokul14
2015-07-15 17:30:04
Ээ ошол турктор бизге биринчиликти бермек беле,силер биз учун ар дайым биринчисинер.Алга!!!
+10
Altysh_Boldush
2015-07-15 18:08:22
Турктор жакшы калк келишет. Жакшы бийлей алышпаптыр. Ушунтип жазыш керек беле супер инфо. Чындыкты кеде жазса. Чыгарбайсынар. Чындык жок силерде. Ушул жазганымды чыгарбайсынар. Акты ак деп. Караны кара деп жазыш керекпи акыры.
+6
admin_portal
2015-07-15 18:16:26
Altysh_Boldush - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
-7
marmiladka9
2015-07-15 23:45:15
admin_portal, дин улуттун тиешеси жок. чындык деп жатпайбы?Altysh_boldush.
+1
bektur12
2015-07-15 18:08:34
Bul Atai degen eme ХХХ ХХХ ХХХ...
eski byilerin ele kaitalai berse utaby?!
-11
admin_portal
2015-07-15 18:17:42
bektur12 - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө жол берилбейт.
-2
aidan94ru
2015-07-15 18:28:35
1-орунга татыктуу бийлешкен мындай эчким бийлей албайт
+2
Koshaly
2015-07-15 21:18:21
Атай Тумар КР азаматсынар башкысы утуш эмес башкысы катышыш. Кыргыз деген ушундай калк деп дуйного таанытыш . мен силердин талантынарды сыйлайм !!
+1
Medina87
2015-07-15 21:52:34
Жыгылган курошко тойбойт! Алга, Тумар тобу! Алга, АТАЙ!!
+1
elgiz0890
2015-07-15 22:04:39
Жакшы бийлей албаптыр караны кара деп акты ак деп эмне жамандык кылды силерге кыргызстандын атын коп жерге таанытты башка улуттар акыркы орунду алсада эчтеке эмес буйруса утабыз деп дем куч беришет акты кара силер чындыкты чыгарбайсынар дер дооруй бербей
+2
Marlen.
2015-07-16 02:15:31
elgiz0890Сенин созуно кошулам
0
Nurluujan16
2015-07-24 02:14:07
Турктөрдүн жүрөктөрү түшүп калганго бул бийди көрүп алып!
0
Nurluujan16
2015-07-24 02:14:37
Бирок аяабай эле аракет кылышыптыр азаматтар жигиттер!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан