Бишкекте бүгүн, 11-августта ырчы Гүлжигит Калыковдун “Таарынба” аттуу ырына тартылган клибинин бет ачары болду. Саамалыкта ырдап-бийлеп жагымдуу маанайда отурган шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катарында ырчылар Гүлзада, Гүлнур Сатылганова, Кундуз Канатбек кызы, Нэна, Иса Өмүркулов, Акбар Сүйүнбаев, Нурлан Насип, Ильяз Андаш, Арсен, Юлия Руцкая, Каныкей, Асел Кадырбекова, Ома, Алмаз Адамалиев, Абир Касенов, "Айлун" тобу, Аяна Касымова жана Айыма Айылчиевалар болушту. Мындан сырткары клиптин бет ачарына өлкөбүздөгү сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрү, спортчулар Ален Офойо, Азамат Байматовдор катышышты. Коноктор белек катары ыр тартуулоо менен бирге ырчыга чыгармачылык ийгилик каалашты.
“Чыгарманын сөзү Кудрет Тайчабаровго, обону өзүмө таандык. Клип сүйүү жөнүндө тартылды. Анда кыз жигитти сүйүп калат, бирок жигит кандайдыр себептер менен сүйө албайт. Эмне себептен экенин клиптен көрүүгө болот. Көп убакыт аралыгында тартылгандыктан, канча каражат сарпталганын билбей да калдык. Мазмуну кайгылуу болгону менен, обонун шаңдуу кылганга аракет кылдык",- деди Гүлжигит Калыков.