Кечээ, 26-октябрда президент Садыр Жапаровдун Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун УКМК кызматкерлеринин аракетине даттанды.
"2025-жылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушунан кийин калган шагылды мыйзамдаштырып, "Саймалуу-Таш" мекемеси менен иш алып баргам. Ошол учурда УКМКнын кызматкери мени камап, 4,5 миллион сом акча өндүрүп алган, бирок квитанция беришкен эмес",- деди тургун.
Ошондой эле ал бул маселе боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасына кайрылганын, бирок жыйынтык болбогонун билдирди.
Буга байланыштуу Садыр Жапаров прокуратуранын өкүлүнө окуянын чоо-жайын териштирип, акчанын эмне себептен кайтарылбай жатканын жана тургундун бул ишке тиешеси бар-жогун аныктоону тапшырды.