Биз социалдык тармакта

Нарында илбирстин эки баласы айылга чейин түшүп келди (видео)

Нарын районундагы айылдардын биринде жергиликтүү тургундар эки баласы менен жүргөн ак илбирсти видеого тартып алышты. Маалыматка караганда, алар жаныбарларды айылдардын бириндеги чоң көпүрөдөн өтүп бара жаткан учурда байкашкан.
Жаратылыш министрлиги илбирстер болжол менен бир жашта болушу мүмкүндүгүн билдирди.
"Кыргызстан ак илбирстин негизги байырлаган аймактарынын бири болуп саналат. Өлкөдө бул жырткычтын саны болжол менен 450-550 башты түзөт. 1990-жылдары алардын саны кескин кыскарганына карабастан, акыркы жылдары популяциясынын акырындык менен көбөйүү тенденциясы байкалууда. Ак илбирстердин негизги топтолгон аймактарынын катарына Ысык-Көл жана Нарын облустары кирет",- деп белгиленди маалыматта.
Эскерте кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, ак илбирс өлкөнүн улуттук символу катары таанылган.
Нарында илбирстин балдары айылга чейин түшүп келе баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан