Египет Өзбекстандын жарандары үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин катаалдаштырууну 2027-жылдын 1-мартына чейин жылдырды. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Омонулла Файзиев чет элдик басылмаларга билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жана Египеттеги элчилиги жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мурда кабыл алынган чечимди кайра карап чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Жаңы талаптар күчүнө киргенге чейин Өзбекстандын жарандары Египетке мурдагы тартипте бара алышат.
Эске салсак, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн Египетке кирүү эрежелерин 1-ноябрдан тартып катаалдашат. Ага ылайык, Шарм-эш-Шейхке жана Синай жарым аралынын башка аймактарына баруу үчүн алдын ала виза алуу жана туроператор аркылуу саякаттоо талап кылынат. Ошондой эле 40 жашка чейинки саякатчылар үй-бүлө мүчөсүнүн коштоосунда болуп, жетиштүү каражаты бар экенин көрсөтүшү керек болчу.