Биз социалдык тармакта

Beeline жана «Элдик Банк» Бишкектин эки кичи районунда 100 дарак отургузушту

Улуттук мобилдик оператор Beeline, «Элдик Банк», Mastercard жана Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте борбор калаада экологиялык демилгени ишке ашырды. Аталган уюмдардын кызматкерлери жана шаар бийлигинин өкүлдөрү шаардын 8- жана 12-кичи райондоруна жалпысынан 100 көчөт отургузушту. Бул иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да жеке өзү катышты.

Дарактардын жакшы тамыр жайып, өсүп кетишин камсыз кылуу максатында, отургузуу иштерине адистер тартылды. Алар көчөттөрдүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле топурактын жана климаттын шарттарын эске алуу менен иш алып барышты.

Бишкекте бак-дарактарды отургузуу туруктуу өнүгүүгө багытталган масштабдуу демилгенин бир бөлүгү болуп калды. Beeline компаниясы ESG принциптерин — айлана-чөйрө алдындагы жоопкерчиликти, коомго оң таасир этүүнү жана бизнести туура башкарууну камтыган милдеттенмелерди карманат. Компания коомдук тазалоо иш-чараларына жана экологиялык акцияларга үзгүлтүксүз катышып, ресурстарды үнөмдүү пайдалануу ыкмаларын кеңседеги күнүмдүк ишмердүүлүгүндө жүргүзөт.

"Beeline — улуттук мобилдик оператор, андыктан Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуу биз үчүн маанилүү", — деп белгиледи Beeline компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров. — Биз жеткиликтүү жана сапаттуу байланышты камсыз кылуу менен бирге, коомчулукка пайда алып келген долбоорлорду да колдойбуз. Дарак отургузуу — мына ушундай демилгелердин бири. Биз отургузган жүз көчөт шаар менен чогуу өсүп, келечек муундарга кызмат кылат».

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КР МТБМК караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР лицензиялары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан