Кечээ, 26-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Маалым болгондой, жыйында тиешелүү мамлекеттик органдардын алып барып жаткан иш-аракеттери тууралуу айтылды.
"Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоочу жана сатуучу компанияларды колдоо үчүн республикалык бюджеттен 11,389 миллиард сомдон ашык каражат каралып, анын 2,623 миллиард сомдон ашыгы берилди. Бензиндин, дизелдик отундун жана суюлтулган газдын кору 2026-жылдын аягына чейин жетиштүү",- деп белгиленди маалыматта.
Жыйындын соңунда Касымалиев күйүүчү майларды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо, чек арадагы логистикалык маселелерди чечүү жана мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо иштерин тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.