Көпчүлүккө белгилүү “Санта-Барбара” сериалындагы Мейсон Кепвеллдин ролун жараткан америкалык актёр Лэйн Дэвис кыргыз жергесине келди. Аны менен "Супер-Инфо" гезитинин жана SUPER.KG порталынын журналисттери эксклюзивдүү маек куруп калууга жетишишти.
“Кыргыз жергесине биринчи жолу келишим. Чынында, жаратылышы кооз өлкө экен. Мындай жерде “Оскар” сыйлыгын ала турчу кино тартса болот. Кыргыз киносунун өнүгүшү үчүн өзүмдүн кеп-кеңештеримди берүүгө даярмын”,- дейт Лэйн Дэвис.
Айта кетсек, Лэйн Дэвис кинорежиссёр Болот Шамшиевдин чакыруусу менен Ысык-Көлгө келген.
Лэйн Дэвис менен болгон маекти "Супер-Инфо" гезитинин кийинки санынан окуп, SUPER.KG порталынан видеоверсиясын көрө аласыздар.