Бакиевдерди кайтарып берүү боюнча Башкы прокуратура Беларусь өлкөсүнө кайрылуу жөнөттү

27-февралда Башкы прокуратура “Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш-жаза иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү” Конвенциясынын негизинде Беларусь өлкөсүнүн Башкы прокуратурасына Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевди кайтарып берүү талабы менен кайрылуу жөнөттү. Маалым болгондой, 26-февралда Башкы прокуратурага Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунан соттун өкүмүн аткаруу тууралуу жарлык келген. Эске салсак, 12-февралда Бишкек гарнизонунун Аскердик соту экс-президент Курманбек Бакиевди 24 жылга, анын иниси Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан